“Республика” саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобуна “Бир Бол” саясий партиясынан талапкер Адилет Жунушалиевдин үстүнөн арыз менен кайрылды.
Анын атасы Сабырбек Жунушалиев Талас облусунун Талас районундагы Арал айылындагы мектептин директору кызматын ээлейт жана ошол эле учурда No6098 УШКнын төрагасы. Участок мектептин имаратында дагы жайгашкан.
Партия мыйзам бузгандыгын белгилейт. Ошондой эле алар Сабырбек Жунушалиевди аталган участоктун төрагасы кызматынан бошотууну суранат.
Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. БШК депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекитти. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышат. Ал эми 4-сентябрдан баштап үгүт иштери башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ