Menu

“Китеп – билим булагы” сынагы аяктады, жеңишке жеткен окуучу iPhone 11 смартфонун алат, ал эми анын мугалими Ысык-Көлгө эс алууга жиберилет

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында “Китеп  билим булагы” аттуу сынак аягына чыгып, белектер өз ээлерин табышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, кечээ №24 мектепте сынактын шаардык баскычы өткөн. Мектеп окуучулары “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деген темада дилбаян жазышкан.

Сынактын жеңүүчүсү жана гран-принин ээси Свердлов районундагы №38 мектептин 11-классынын окуучусу Байэл Бакытбек уулу болду. Окуучуга жаңы iPhone 11 смартфону берилет, ал эми анын мугалими Салима Кушубаковна Ысык-Көлгө эс алууга жиберилет.

Калган шаардык этаптын катышуучулары – №82 мектептин окуучусу Зарема Таласбекова, №87 мектептин окуучусу Сезим Өмүрбекова, №64 мектептин окуучу Асия Тагай кызы жана №69 мектептин окуучусу Зейнеп Азамат кызы белек катары велосипед алышат. Алардын мугалимдери дагы Ысык-Көлгө эс алууга жиберилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: