17-сентябрда Вена шаарында жайгашкан Парк-Хаят мейманканасынын имаратында «SOCIETY» журналынын демилгеси менен уюштурулган «Silk Road Event» салтанаттуу иш-чарасы болуп ѳттү. Иш-чарага Афганистан, Азербайджан, Китай, Иран, Ирак, Казахстан, Кыргызстан, Россия, Сербия, Туркменистан, Узбекистан дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрү катышып, ар бир ѳлкѳнүн салты кѳрсѳтүлдү. Иш чаранын жүрүшүндѳ катышуучулар ѳз ѳлкѳсүнүн тарыхы, маданияты жана салт-санаасы менен тааныштыруу максатында ѳздѳрүнүн ар түрдүү улуттук кол ѳнѳрчүлүк буюмдарынын жана кийимдеринин кѳргѳзмѳсүн уюштурду, ошону менен бирге улуттук тамак-аштар коюлду.
Майрамдоого Венадагы дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын ѳкүлдѳрү жана башка чакырылган меймандар катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ