Мурунку саясатчы Өмүрбек Бабановдун кызы турмуш жолуна аттанды деп маалымат бергенбиз. Өткөн дем алыш күндөрү Бишкектеги ресторандардын биринде “Кыз узатуу” тоюу болуп өттү.
Бабановдун кызы Айпери Эсептөө палатасынын экс-төрагасы, Чүй облусунун мурдагы губернатору Азамат Кангелдиевдин уулуна турмушка чыгып жатат. Күйөө баланын аты Санжар.
Белгилүү болгондой, жубайлар чет өлкөдө таанышып, жазында үйлөнмөкчү болушкан, бирок пандемияга байланыштуу алар тойду кийинкиге калтырышкан.
“Кыз узатуу” тоюу тар чөйрөдө жакын адамдардын жана туугандардын катышуусунда өттү. Салтанатка айрым саясатчылар жана коомдук ишмерлер катышты. Ал эми майрамга катышкандарга сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ