Menu

Бийликтин кадрдык ротациясына күлкүң келет?

Бөлүшүү:

Бийликтин жаңыдан башталган кадрдык ротациясын көрүп, бир эсе күлкүң келет эй! Адатта, бир облустан бир өрөөнгө кадрларды ротациялоодо жалпы журтка белгилүү, оозго алынган инсандарды жөнөтө турушкан. Алыс барбай Акаев менен Бакиев бийлигин канчалык сындабайлы, бул жагын өткөн эки бийлик тең жолго салышканы жашыруун эмес. Учкай гана мисал, Акаев көлдүк Султан Урманаевди Жалал-Абадга, түштүктүк Эмил Узакбаевди Нарынга губернатор кылса, Бакиев таластык Суваналиевди Теңир-Тоого жөнөткөнү бар. Бул эми өткөн чак дейли. А азырчы? Кадрдык ротациянын желаргысы менен Ош, Ысык-Көл облустарынын жетекчилери алмаштырылды. Бул жагына бирөө жакшы сөз айта алдыбы? Албетте, эки облустун жаңы жетекчилеринин деңгээлдерине шек келтиргибиз келбейт. Болгону өлкө эмес, өз өрөөндөрү тыңгылыктуу тааныбаган азыркыдай кадрларды эмес, бийлик региондорго көлөкөдөгү тажрыйбалуу ишмерлерди тартса болбойт беле? Бул жагынан уучубуз деле куру эмес. Алыс барбай, өлкөдөгү «губернаторлор клубун» негиздеген демилгечилердин көрүнүктүүсү, Нарын, Талас облустарынын мурдагы губернатору, тажрыйбалуу, мамлекетчил инсан Бейшен Болотбеков сындуу элге-журтка алынган кадыры бийик кадрларды жумушка тартып, азыркы облусту кой, айыл өкмөттү тартып кете алары шек жараткан өкмөт өкүлдөрүн булардай карышкырларга орун басар кылса болот эле го? Эскилерди өгөйлөп, жаңыларды кызматка тарткан Атамбаевдин абалы эмне болду? Ошондой кадрлары менен элдин мурдуна бок сүйкөп баса беришкени жалганбы? Ошолордун абалынан деле азыркылар жыйынтык чыгарышпайбы?

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: