15-сентябрда Жалал-Абад облусунда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери токой чарбасынын директору Т.А.ны кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Финполициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтар боюнча, Токой чарбасынын жооптуу адамдары өрттүн алдын алуу жана силос өстүрүү иштерине 2 млн сом суммасында эки жолу тендер өткөргөндүгү такталды. Жыйынтыгында “А” ЖЧКсы жана “АА” ЖЧКсы тендерди уткан.
Бирок, чындыгында тендерде көрсөтүлгөн жумуштарды буга чейин токой чарбасынын кызматкерлери өздөрү жүргүзүп келишкен. Акча ЖЧКлардын эсебине түшкөндөн кийин, директордун көрсөтмөсү боюнча акча накталай алынып башкы бухгалтерге өткөрүлүп берилген.
“Сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Токой чарбасынын башчысы К.Ж., башкы бухгалтер А.Б., ошондой эле ЖЧКнын башчыларына тергөөнүн жыйынтыгы боюнча акыркы юридикалык баа берилет” – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ