Menu

Улуттук китепканада “Улуттун көркү тилинде” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-сентябрда А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Кыргыз китеби бөлүмүнүн залында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине карата арналган “Улуттун көркү тилинде” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Кыргыз Республикасында “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам 1989-жыл 23-сентябрда кабыл алынып, Кыргыз ССР инин  Министлер Совети атайын токтом чыгарып, токтомго тиркеме катары кыргыз тилинин көп жактуу иштелиши үчүн жасала турган конкреттүү иш аракеттердин тизмеси берилген. 1992-жылы Кыргыз Өкмөтү мамлекеттик жана коомдук структураларда расмий-жумуштук документтерди кыргызча жазууга өтүүнүн өбөлгөлөрү менен мөөнөттөрүн белгилеген атайын токтом чыгарылган.

Мамлекеттик тил калктын улуттук курамын эске алуунун негизинде иш кагаздарын жана кат иштерин алып барууда, мектептерде окутууда, калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөөдө, басма сөздө жана башка коомдук иштерде колдонулат.

Кыргыз тили кылымдар бою оозеки гана сүйлөнүп, жетишүү өлчөмдөгү сөз калыптоо, сезим туюнтуу, элес жана түшүнүк билдирүү каражаттарын, ийкемдүү грамматика жол-жоболорун  жарата алган. Ал калктын көп жактуу коомдук муктаждыктарын канааттандырып, кыргыз урууларынын биригишүү, пикирлешүү, чыгармачыл күч кубатын чагылдыруу мүдөөлөрүн тейлеп келген. Эстетикалык максаттар үчүн пайдаланып, дүйнөлүк эпостордун алпы “Манас” башында турган залкар дастандардын, лирикалык ырлардын, оригиналдуу жөө жомоктордун, тарыхый уламыштардын, акылман макал-лакаптардын жаралышын шарттаган. Кыргыз тили жазма түрүндө ХIX кылымдан бери карай колдонула баштаса да, кадыресе жазма тил катары өнүгүү жолунда совет доорунда гана колдонула баштады. Ошол доор ичинде улуттук тилдин графикалык системасы, лексикалык, грамматикалык,орфографиялык жана башка формалары жөнгө салынды.

Көргөзмөдө китептер, токтомдор, көрүнүктүү окумуштуулардын эмгектери жайгаштырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: