Menu

Кубатбек Боронов: “Үгүт учурунда айрым партиялар Саламаттыкты сактоо министрлигинин талаптарын аткарбай жатышат”

Бөлүшүү:

Үгүт иш-чараларынын жүрүшүндө бет кап кийүү, аралыкты сактоо жана башка санитардык-эпидемиологиялык чараларды көрүү эрежелерин сактоо маанилүү. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

“Шаарларда жана региондордо жергиликтүү бийлик органдарына катуу талаптар коюлгандыгына карабастан, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан алгоритмдер аткарылбай жаткан жыйындарды көрүп жатабыз ” – деп билдирди өкмөт башчы.

Премьер-министр мындай мыйзам бузуулардан улам ЖМКнын жана коомдун өкмөттү сынга алуусун туура деп атап, бирок партияларды сак болууга үндөдү.

Бул көйгөйдү жазалоо жолу менен гана чечүү кыйын экенин белгилеп, партияларды санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоого үндөдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: