Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык тобуна Кант шаарынын кичирайондорунун бириндеги № 16 үйдүн короосундагы балдар аянтчасында “Мекеним Кыргызстан” партиясы кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүп жаткан социалдык тармактарда видео жарыялангандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Маалыматка ылайык, бул тууралуу Ички иштер министрлигине маалымат жөнөтүлдү. Тергөө иштери башталды.
Эскерте кетсек, БШК талапкерлерге шайлоо учурунда кайрымдуулук иштери менен алектенүүгө тыюу салынарын эскертет.
4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. БШК депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекитти. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ