Бишкекте алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, апрель айынын аягында Замир таанышынан “Хонда Ария” унаасын ижарага алган. Кийинчерээк ал унааны кайтарбай, унаанын ээсинен жашына баштаган. Акыркысы 19-августта милицияга кайрылган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) менен катталган.
Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнүн изине түшкөн. Ал кумар ойноочу жайлардын биринен кармалган. Ал 1990-жылы туулган З.З., аттуу жаран. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылып, андан кийин соттун чечими менен СИЗО-1ге эки айга камакка алынды.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, Замир башка бирөөнүн унаасын сатып, андан түшкөн акчаны оюн автоматтарына уттурган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ