Араван районундагы окуя улуттук же саясий мүнөздө болгон жок. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Ички иштер министрлигинин өкүлү БШКнын жыйынында Араван районундагы окуяны карап жатканда билдирди.
Ошондой эле, ал мушташка эки саясий партиядан талапкерлердин катышканы же катышпаганы белгисиз экендигин айтты.
“Биз жергиликтүү УШКдан арыз келип түшкөндүгүн аныктап, андан кийин ушул маселени карашыбыз керек. Айрым партиялар спортчулардан турган топторду колдонуп жатат деп корком. Ушундан улам чыр-чатактар чыгып жатат, тургундар өздөрүн коопсуз сезишпейт”, – деди БШКнын өкүлү Гүлнара Журабаева.
Ички иштер министрлигинин өкүлү спортчулардын катышуусу тастыктала электигин белгиледи. Ал эми жергиликтүү бийлик үгүт иш-чаралары жөнүндө билген эмес. БШКнын башчысы бул окуяга байланыштуу жарандардын билдирүүлөрү гана бар экендигин айтты.
Белгилей кетсек, Араван районунда үгүт учурунда мушташ болуп, ага 100гө жакын адам катышкан. Мушташтын натыйжасында райондун 12 тургуну жабыркаган. Мындан улам Араван РИИБнин жетекчиси кызматтан алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ