Алып баруучу, тамада Бакыт Байсариев ресторанды ачып, иштөөгө уруксат берүүнү суранды. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-сентябрда Инстаграм баракчасында билдирди.
Анын айтымында, бардык тармактар иштеп жатат, бир гана мектептер ачыла элек жана ресторандар иштей элек.
“Тойлор башталып калды. Биздин жумушка уруксат берүүңүздөрдү суранабыз. Себеп дегенде биздин тармагыбыз жана мектеп иштебей жатат. Калган бардык тармактар иштеп жатышат. Кайрылып жатканымдын себеби – коронавирустун келээри ыктымал болсо, коркунуч жаратса, анда бардыгын жабыш керек. Соода борборлорун, чек араны, базарларды жана коомдук транспортту. Себеби коомдук транспортто тыгын, базарларда эл көп. Оору эки мүнөттө гана жугат. Чынында эле коркунуч жаратып жатса, бардыгын жабалы. Ал эми бул жөн эле саясат болсо, аны токтотуп, бизге иштөөгө уруксат бергиле”, – деди Байсариев.
https://www.instagram.com/tv/CFjVg0dAdwI/?igshid=1xltfs826jl2d
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ