Menu

Кабыл Макешов, жазуучу: Тике, заманбап басмачылардын корбашысы элең

Бөлүшүү:

Тилек досумдун капилеттен каза болушу  мага да аябай оор тийди. Бүгүн, 25-сентябрда Кочкор районунун Кызыл –Дөбө айылында «Турар» басма үйүнүн негиздөөчүсү Тилек Мураталиевдин  40кы берилип, куран окулуп жатат.  Бул күнү Тилек досту эскерүүгө аргасыз болуп турам.

 Өмүр менен өлүмдүн аралыгы бир көз ирмемдей экен. Он эки жылдан бери тээ бала чагыңдан берки сырдаш, классташ курбудай  жакын болуп калган адамың бу жалганды бир заматта таштап кеткенин укканыңда асманың түшүп кеткендей, заманаң куурулуп, кабыргаң кайышып айлаңды таппай калат экенсиң.

Анан бир заматта Тилек менен алгач таанышкан, аны менен ынак болуп, кызматташкан күндөр көз алдыма тартылып, акка моюн сунуп кеткенине ишене албай, кайра эле жарк этип кирип келчүдөй, «Турар» басмасына барсам, алдымдан тосуп чыкчудай сезимде келатам. Аны менен таанышкан учур күнү бүгүнкүдөй эсимде..

«Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши» дегендей мурда кийин Тилек тууралуу угуп жүрүп, мындан 12 жыл илгери атайын таанышайын, беш жылдан бери даярдап жүргөн «Кыргыз Республикасы: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы» аттуу китебимди басмаканасынан бастырууну сунуш кылып көрөйүн деп, Жибек жолу көчөсүндөгү  мурдакы офисине барып калдым. Куру кол барбайын деп, атайын сумкама бир олимпиадалык жасалгалуу  жаңы калпагымды, Бээжин олимпиадасынын эстелик медалын салып койгом.  Кабылдамасында аны менен жолугушууну каалаган адамдар арбын экен. Бөлмөсүндө журналист Уран Ботобеков менен тарыхчы, жазуучу Арслан Койчиев менен көпкө сүйлөштү. Мени кандай кабыл алаар экен деп, кабатыр болуп, кабинетине баш бактым. Ал эски таанышындай жылуу кабыл алып, сыртымдан жакшы таанырын айтып жатса дагы, санаасы санга бөлүнүп, бушайман болуп турганын байкадым.

-Тилек мырза сиз абдан бушайман болуп турасыз, тынчыңызды алдым окшойт. Анда мен башка күнү келейин, -дедим.

-Жок, тынчымды алганың жок. Азыр эле неберелүү болдум. Келиним жети айлык төрөп, алгачкы неберемдин боосу бек болсо экен. Кыйналып төрөлүптүр, кандай болоор экен деп сары-санаа болуп турам, -деди.

-Бешик бооңор бек болсун!. Сиздин атыңыз –Тилек, менин атым Кабыл. Мына тилегиңиз кабыл болгон тура. Жети айлык ымыркайлар чыйрак, тың болот. Ага кабатыр болбоңуз. Мен билгенден мисалы: Күмөндөр Абылов, Роза Аманов, Аскер Сакыбаева жана башкалар жети айлык болуп төрөлгөндөр. Чоң ата болушуң менен куттуктайм, -деп сумкамдагы олимпиадалык жасалгалуу калпагымды башына кийгизип, «небереңиз да сиздей кыргызды дүйнөгө тааныткан эр азамат болуп, өсүп жетилсин. Бээжин олимпиадасында байге уткан Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдей элдик уул болсун деген ырым менен анын  алгачкы медалы болсун» деп Бээжин олимпиадасынын эстелик медалын берсем, барпалаңдап сүйүнүп, «сиз дебей эле, курбу экенбиз. Сен деп айтып, келип тур. Бул китебиңди ак-кара түс менен чыгарсак, анча жакшы болбой калат. Ошондуктан жакшы дизайн  менен толук түстүү кылып чыгаралы, жеңилдик да кылайын» деп, демилгемди колдоп кетти. Кабатыр болуп турган жаным, төбөм көккө жеткендей, азыр эле китебим чыгып калчудай сүйүнүч менен кайткан элем. Ошондон бери жылдызыбыз келишип, достук мамиледе болуп, андан бери Тилектин колдоосу менен «Турар» басмасынан 10 китебим жарык көрдү. Ошол биз таанышканда  жети айлык болуп төрөлгөн небересине Самар деп ат койгон. Жолуккан сайын Самарың чоңоюп жатабы?, десем. –Оо ал сен айткандай тың, тентек болуп, неберенин таттуулугун сездирип жатат, деп кудуңдап калчу эле.

Басма иши менен алектенгендиктен аны мен да тамашалап “ силер заманбап басмачысыңар. Сен анык  корбашысың» деп коёр элем.  Кирип барганда эле, «кандайсың корбашы» деп койсом, бул тамашамды да жактырып, шадыраңдап жылуу кабыл алчу.

Басмаканага барып калганда, ар кыл темада аңгемелешип, анын дүйнө таанымы абдан терең, бардык тармак боюнча маалыматы бардыгына, улуу-кичүүгө бирдей мамиле кылып, жетекечимин дебей, тура калып чайын өзү куйуп, ал-абалыңды сурап, агынан жарыла маектешип калчу элек. Анын мекенчил сезими, ар-намысы абдан күчтүү эле. Кыргыздын нарк, насили, баалуулуктары үчүн эч нерсесин аябаган март, жакшылыктын чынжырын үзбөй, аткарган иш-аракетин жалпы журтка жарыя кылбай жасаган, айкөл, жоомарт, кичипейил  бу дүйнөгө бир жаралган жан эле. Сендей асыл достун, жигиттин гүлүнүн ордун толтуруш кыйын го эми…

Тилекти мен  өзгөчө шедерврлерди жараткан сүрөтчүдөй, жан дүйнөнү козгогон көркөм сөздүн чебери залкар жазуучудай, санжыра менен тарыхты терең изилдеген тарыхчыдай, аалам сырларын билген, дүйнөнүн керемет жерлерин  аралаган арыбаган, талыбаган саякатчыдай, балдарга укмуштай сонун сыйкырдуу жомокторду айтып жаткан жомокчудай, жан-жаныбардын тилин, дилин билген даанышмандай, алыска чуркачу сай күлүктөрдү таптаган саяпкердей, укмуштай таасир калтырган кино тасмаларды жартакан  режиссердой, техниканын да тилин билген чыгаан инженер, механиктей, айыл чарбанын, дыйканчылыктын сырын билген багбандай, экономиканын, бизнестин битин сыккан ишмердей, мен кызыккан спорттун сырларын билген адистей таасир калтырып, деги мунун билбегени жок го деп оозум ачылчу. Сүйлөшө келгендей анын абдан билимдүү, интеллектүү экенин байкап, ага теңелиш кыйын экенин байкачумун.  Мындай сапаттарынан улам Тилектин кесиби адабиятчы, тилчи го деп ойлочумун. Кыргыз мамлекеттик университетин география адистиги боюнча аяктап, өзү окуган жогорку окуу жайда окутуучу болуп, эгемендиктин алгачкы жылдары айласыздан ишкердикке аралашып, алгач гезиттерди кагаз менен камсыз кылып, кийин басма үйүн негиздегенин кийин уктум.

Ошондой эле анын тармал узун чачтары, күлмүңдөгөн жароокер көздөрү, анан да сүйлөшүп аткан адамына чын дилден чечилген пейили кимди да болсо өзүнө тартып турчу.

Анан төбөсү көрүнгөн кишилердин каражаты жагынан кыйналып, китебин чыгара албай турганын көрүп, ажаат ачып, аларга жардамдашып, андан пайда көрөйүн дебей, чыгымга учураса  дагы китебин чыгарып, өзү да ушул аракетине баладай сүйүнүп, ыраазы болуп калганына көп ирет күбө болдум.

Тилек мындай кылдым, бул кишинин китебин чыгарып бердим деп мактанбаган, акчасына көппөгөн, байлыгына чиренбеген карапайым,  адамкерчилиги бийик, абдан жөнөкөй, элге жарыгы тийген жигит эле.

Экөөбүздүн  жаратылыш,  дене тарбия,  спорт, ден соолук,  анан балык уулоо тууралуу  сөзүбүз  түгөнчү эмес. Жакында эле Германиядан атайын тоо ташка жүрө турган «Мерседес» супер-спринтер алдырып, аны атайын бардык шарты бар бир бөлмөлүү үй кылып жаткан. Анан экөөбүз Эки-Нарынга, Аксайга балык уулаганы барабыз, спорттук балык уулоо боюнча федерация уюштуруп, калайыкка балык уулоо маданиятын үйрөтүп, балык уулоо боюнча расмий мелдеш өткөрөбүз, анан эл аралык балык уулоо боюнча турнирлерге катышабыз деп тилек кылып жатканбыз. Балык уулоо маданиятын, эл аралык талаптарын калкыбызга үйрөтүп, экологияны сактоону, балыкты броконердик кылып, тор менен массалык түрдө кармоого бөгөт коюлу, балык чарбасын өнүктүрүүнү колго алган мекендештерге чет элдиктердин тажрыйбаларын жайылталы деген ой-максаттарыбыз бар эле… Ошол тилектерибизге жетпей калды.

«Турар» басма үйүнө барганымда Тикем 4-5 кишилик чакан самолетторду иликтеп, биздин тоолуу шартка ылайыктуусун издеп жатканын,  автоунаа менен 5-6 сааттын жерге 30-40 мүнөттө жетип барууга болоорун, Кыргыздын керемет жерлерин жеке менчик учагы менен кыдырууну эңсеп жүргөнүн жомоктой кылып айтып, бул кыялы, тилеги жакында ишке ашаарын билдирип, мындай учакка заказ бергенин айтып, баладай сүйүнүп калчу.  Күндө 4-5 километр жөө басаарын, акыркы айларда велосипед тээп жүргөнүн айтып, ден соолугу тууралуу кабатыр болуп турганын уккан да эмес элем.

2018-жылы Түштүк Кореяда өткөн кышкы олимпиадалык оюндар барганымда узуну 50 сантимерт, туурасы 30 сантиметрлик кореялык фото ишмерлердин ушул өлкөнүн жаратылыш, кооздугу тууралуу чоң көлөмдүү толук түстүү фото альбом сыяктуу китебин атайын Тилекке  белек катары арнап алып келип берсем, «Каке биздин жерибиз Кореяныкынан дагы керемет. Алардын тоолору тайпак дөбөлөр да. Биздин ажайып кооз жерлерибизди, Ала-Тообузду, Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Жылдыз-Көл баштаган Сары-Челек, Арсланбап жана башка жерлерибизди мындан дагы укмуш кылып, фото баян кылып чыгаралы. Мен дагы балык уулоого чыкканымда таңкы, кечки керемет учурларды тартып жүрөм. Биздин китепти эл аралык стандарт менен кыргыз жана англис тилдеринде чет өлкөлүктөр көрүп, ооздору ачылып, талап алгандай кылып чыгарабыз, -деген эле.

Дагы бир окуя эсимден кетпейт. Мени менен бир группада окуп, далай жоруктары, акындык таланты, журналисттик дарамети менен жаамы журтка таанылган  ага досум Жолдошбек Зарлыкбеков актыкка моюн сунганда Тилек досума «көзү тирүүсүндө баркталбай  замандын оош-кыйышынан улам Жокемдин кол жазмасы китеп болуп чыкпай калды” десем,  «Мага дагы Айгүл Бакиева баштаган журналисттер айтышты эле. Жокенин кол жазмасын алып келчи, китеп кылып чыгарып берейин” деп айтканы дале эсимде. Ошондо Жокемди ал аябай жакшы көрөрүн, анын талантын, ырларын бааларын билдим. Бул аманатын Жокемдин жесири Асия жеңеге айтып, өзүм дагы айрым ырларын чогултуп, эскерүү жазып, ырлар жыйнагын даярдап жаткан элек…  Ал түгүл «Жаңы Ала-Тоо» журналына Жолдошбектин эскерген макаламды жана анын тандалган ырларын чыгарып да берген болчу.

Эгемен өлкөбүздүн адабиятында жаңы толкун пайда кылып, жаш таланттардын тушоосун кесүү максатында Тилек Мураталиев “Арча” адабий сыйлыгын да уюштуруп, мыкты калемгерлерге өз каражатынан акчалай 100 миң сомдон сыйлыктарды ыйгарып, адабий саамалыктарды даңазалады. Канчалаган китептерди бекер чыгарып, айрым акын-жазуучуларга калем акы бергени, далай кайрымдуулук иштерди аткарганы эле анык айкөл, жоомарт экенин далилдеп турат го. Мындан тышкары «Литературный Кыргыстан» журалын да өз каражатына чыгарып келди. Кыргызстандагы эң сапаттуу толук түстүү журналдардын, китептердин көбү «Турардан» чыгып, өлкөдөгү басма тармагынын бренди болуп калды.

Чыныгы меценаттыкты, демөөрчүлүктү сен чыгармачылыкка карата көрсөтүп, башкаларга өрнөк, үлгү болдуң. Чыгарма, эскерүү, мемуар жазган канча адамдын ажаатын ачып, китебин бекер же арзан чыгарып, канча деген мыкты чыгармаларды жарыкка чыгарып, кыргыз маданиятынын, адабиятынын бийиктиги болгон « Жаңы Ала-Тоо» журналын өзүңдүн демилге менен  10 жылдан бери чыгарып, акын-жазуучулардын, калемгерлердин ыраазычылыгын, батасын алып турдуң. Анан дагы  балдар  үчүн  таанып-билүү, илим-билим, таалим-тарбия алуучу мыкты журнал чыгарсам деген оюң да бар эле.

Кыргызда басмакана иштетип ишкерлик кылгандардын жоон тобун билем. Бирок сендей сезимталын, намыскөйлүгүн учурата элекмин. Себеби, сен терең билимдүү, интелектүү,  китептин кадырын билген, чыгармалардын да, китептердин да жакшы-жаманын анализдеп талдай билген адам элең. Сен ар жыл сайын чет өлкөлөрдөгү китеп-көргөзмөлөргө барып, Кыргызстандын атынан катышып, келишимдерди түзүп, эл достугуна да көпүрө болуп жүрдүң. Көп жылдан бери Бишкектеги балдар үйүнө демөөрчү болуп, ар дайым жардам берип жүргөнүңдү эч кимге айтпай, жарыя кылбай келгениң эле сенин кандай адам экениңден кабар берип турат.

Тилек үчүн чоңбу-кичинеби, атактуубу-андайга жете элекпи – баары бир, баарына тегиз мамиле кылчу. Кыргыз көркөм сөз дүйнөсүнө мынчалык көңүл бурган, ал үчүн акча-тыйынын аябаган, анан да андай ишин эч кимге саласал кылбай, аткарчусун унчукпай жасап койчу азамат эле.

Китеп дүйнөсү –калем кармаган пендени арбап алган  бир карасаң керемет, абдан түйшүктүү, азырыктуу тармак экен. Китеп жазсам эле элдин баары анымды талап кетип, өлкөгө таанымал болуп калам деп ойлогондор да жок эмес. Китеп жазуу, чыгаруу жумуштары жеңилдегени менен, окурман табуу, китепти сатып өткөрүү абдан түйшүктүү экен. Муну мен спорт, дене тарбиясы, олимпиада кыймылы тууралуу он китеп жазып, тобокелге баш байлап жүрүп, жон терим менен сезип келатам. Тилек дос демилгелеримди ар тараптан колдоп, ыгым-чыгымдарымды бир аз жеңилдетип,  китептеримди кооз, сапаты мыкты чыгышына аракет кылып, жардамын аяган жок. Анын мага калтырган эстеликтери ушул китептерим болду окшойт.

Ошондуктан анын ысмын түбөлүккө сактоо үчүн калемгерлерди колдоо максатында өзү негиздеген Арча сыйлыгын Тилек Мураталиев атындагы сыйлык деп атоону сунуштайт элем. Анан өзү окуган, мурда  ата-энеси иштеген Кызыл-Дөбө айылындагы орто мектепте эң мыкты окуган идиректүү окуучуларга,  өзү билим алган Кыргыз Улуттук Университетинин география факультетинде  мыкты окуган студенттерге жыл жыйнтыгы боюнча Тилек Мураталиев атындагы стипендия ыйгарылып турса дейм. Эгер  бир туугандары, уулдары, жакындары ылайык дешсе Тилек өзү негиздеген «Турар» басма үйүнө  ысымын ыйгарып, Тилек Мураталиев атындагы «Турар» басма үйү деп аталса жарашат беле деген ойдомун. Ошондой эле ар жыл сайын басма тармагына зор салым кошкон басмакананын эң көрүнүктүү ишмерине  туулган күнүндө эскерүү кечеси уюштурулуп, Тилек Мураталиев атындагы сыйлык ыйгарылса дейм.  Бул менин жеке  ой-пикирлерим, аны эч кимге, бир туугандарына да таңуулабайм. Балким достору кеңешип,  Тилек Мураталиевди эскерүүгө арналган бмльярд турнирин өткөрөрбүз. Себеби, Тике бильярд спортунун ышкыбозу эле.

Келечекте Тилектин өмүр таржымалы, ишмердиги, максаттары тууралуу даректуу китеп,  даректүү фильм да тартылаар… Ал өзүн өлбөс, өчпөс кылып, артына зор эмгек, мурастарды калтырып кетти. Эми анын экинчи өмүрү башталды…

Тилек мына ушул басма ишмердигинин түйшүгү түмөн жумуштун ысык-суугуна кайыл болуп, кыргыз жазуучуларына колунан келген жардамын көрсөтүп, көркөм сөз ээлеринин ийгилигине кубанып, кемчилигин билгизбей, келечектүү ишти жакшы жолго коюп алган кезинде алышкан оору аны акыры алып тынды. Айылыңа барып, топурак салып келгенден бери көксөм сууп калды эле.Ошондон бери 40 күн өтүп кетиптир…

Сени эч убакта унута албайм…

Жаткан жерин жайлуу, топурагын торко болсун досум…

Кабыл Макешов,  жазуучу, спорттук баяндамачы,  КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: