Улуттук банк ноябрь айында үчүнчү интервенцияны ишке ашырды. Бул тууралуу аталган банктын расмий сайтында маалымдалды.
Бир күн мурун колдоо үчүн валюта базарында 500 миң доллар сатылгандыгы такталды.
Белгилей кетсек, валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу максатында Улуттук банк эки күн катары менен интервенциялар жүргүзгөн. Жалпысынан ноябрдын башынан бери 50,7 миллион доллар сатылды.
Кыргызстандын банктарындагы АКШ долларынын курсу 18-ноябрь саат 08:40ка карата доллардын расмий курсу 84,91 сомго бааланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ