Menu

Түркияда полиция мейманканадан сойкулук менен алектенген кыздарды “жашыруун бөлмөдөн” тапты, алардын арасында кыргызстандык кыздар да бар

Бөлүшүү:

Түркиянын Трабзон шаарындагы мейманкана полиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан рейддер учурунда сексуалдык кызмат көрсөткөн аялдарды адаттан тышкары ыкма менен жашырды.

Dailu Star гезитинин жазгандай, келген билдирүүлөр боюнча полиция мейманкананы тинтүүгө келген. Алардын көңүлүн мобилдик радиатор бурду, анын артында башка бөлмөгө тешик бар болчу. Ал жерде үч сойку жашырынып жүргөн – экөө Кыргызстандан жана бирөө Молдовадан. Жашыруун бөлмөдө төшөк жана раковиналар бар болгон. Башка эч нерсе жок.

Кыздарга сойкулук боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары, мейманкананын ээлери камакка алынып, сойкулук кызматын көрсөткөндүгү үчүн айып тагылган.

“Түркиядагы сойкулук мыйзамдуу, бирок сойкукананын лицензиясы болсо гана. Лицензиясы бар сойкуканадагы сексуалдык кызмат көрсөткөн кызматкерлери каттоодо турушу керек жана өздүгүн тастыктаган документи болушу керек, ошондой эле жыныстык жол менен жугуучу оорулардын бар жогун текшерип турушу керек” – деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: