Menu

Шайлоо жарышынан четтетилген Илхом Маннанов БШКга каршы доо арыз менен сотко кайрылат

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Илхом Маннанов БШКнын аны “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимине макул эмес. Анын өкүлүнүн айтымында, бүгүн, 29-сентябрда Маннанов маалымат жыйынын өткөрүп, сотко кайрылууну көздөп жатат.

24-сентябрда БШК Араван районунда “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынын тарапкерлеринин ортосунда болгон массалык мушташ маселесин карап, ушул эки партиядан талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев менен Илхом Маннановдун каттоосун жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

Белгилей кетсек, Араван районунда үгүт учурунда мушташ болуп, ага 100гө жакын адам катышкан. Мушташтын натыйжасында райондун 12 тургуну жабыркаган. Мындан улам Араван РИИБнин жетекчиси кызматтан алынган жана окуядан кийин аймакка кошумча күч тартылган.

Бул окуядан дээрлик дароо эле “Мекеним Кыргызстан” партиясы билдирүү таратып, окуяны “чагым” деп атаган. Биримдик “провокацияга күнөөлүүлөр мыйзамдын толук көзөмөлүндө жазаланышы керек” деди.

4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. БШК депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекитти. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: