Казакстанда 15 жаштагы кыз уюлдук телефонун кубаттап жатып, токко урунуп каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Каргашалуу окуя 26-сентябрда саат 22.00 чамасында Жамбыл районунда болгон.
“Электр тогунун урушунун натыйжасында 15 жаштагы жашы жете элек жергиликтүү тургун каза болгон. Кыздын уюлдук телефону электр заряды менен жүргөнү алдын-ала аныкталган, ал аркылуу кыз электр тогун алган”, – деп жазышат казак басылмалары.
Белгиленгендей, кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Буга чейин ушундай эле окуя Таиланддын түндүк-чыгышындагы Ройет шаарында болгон. Мектеп окуучусу кубаттагычка туташкан смартфондон музыка угуп жатып, өз төшөгүндө каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ