Бишкекте тоноочулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
28-сентябрь күнү түштөн кийин бир адам Матросов көчөсүндөгү дүкөнгө кирген. Бирок ал сатып алуучу болгон эмес. Эркек киши, сатуучу аялды коркутуп, дүкөндү тоноп кетти. Кылмышкер качып кетери менен, жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылган.
Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан. Алар шектүү 1982-жылы туулган А.Д.ны кармап, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткиришкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (“Каракчылык”) менен катталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ