Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен облусунун Лейлек районунда бүгүн, 30-сентябрь күнү түнкү саат 01:00 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318-чакырымында (Кара-Суу айылы) “Honda Fit” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Жерине КР ӨКМнин №74 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, унаада кыпчылып калган айдоочуну (аты жөнү такталууда) чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ