Казакстанда прокурор сексуалдык зомбулук жана кыйноо көрсөтүү иши боюнча айыпталып жаткан атайын кызматтын мурдагы кызматкерин 10 жылга эркинен ажыратууну сурады.
Бул иште жабырлануучу – трансгендер аял Виктория Беркходжаева.
Сот отуруму жабык режимде өтүүдө.
Беркходжаеванын билдиришинче, прокурор айыпталуучунун өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салууну жана Улуттук коопсуздук комитетинин майору деген наамынан ажыратууну да өтүндү.
Казакстан Улуттук коопсуздук комитинин мурдагы кызматкери тагылган айыптоолорду четке кагып, соттон актоону сураган.
Кийинки сот отуруму 2-октябрга белгиленди. Андан соң өкүм чыгары күтүлүүдө.
Трансгендер аял Виктория Беркходжаевага 2019-жылы камакта зомбулук көргөнү жөнүндө арыз жазгандан кийин кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча ушул эле жылы октябрда Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкери камакка алынган.
Беркходжаева 2016-жылы ири өлчөмдө акча опузалап алуу шеги менен кармалган. 2017-жылы Алматы соту аны жети жылга эркинен ажыраткан. Ал жазасын Алматы облусундагы Жаугашты кыштагындагы түрмөдө өтөп жатат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ