Menu

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев: “Жерүй Талас облусу гана эмес, өлкө экономикасына таасири зор”

Бөлүшүү:

Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкулү Марат Мураталиев Талас облусунун тарыхында болуп көрбөгөн өнөр-жай өндүрүшү- Жерүй кенинин ишке берилишине байланыштуу аталган алтын кендин Талас облусунун жана өлкөбүздүн экономикасына тийгизе турган чоң пайдасы тууралуу ой бөлүштү.

-Марат Молдонович, үстүбүздөгү жылдын башында жарандык активисттер Жерүй алтын кенинин тегерегинде бир топ дооматтарын билдиришкен эле. Ошол боюнча оюңузду ортого салсаңыз.

-Албетте, биз жарандык коомдун активистери менен жолугуп, алардын дооматтарын уккандан качкан жокпуз жана качпайбыз. «Байтерек» комплексинде жолугушуу өткөрүлдү. Тилекке каршы алар ызы-чуу салып, жолугушууда сүйлөшүүнү өз деңгээлинде өткөрүүгө, тоскоолдук жаратууга аракет кылышты. Бирок майнап чыккан жок. Мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткан соң баары мыйзам чегинде болушу керек. Бир ууч топтун каршылыгы жалпы элдин каршылыгын билдирбейт. Катуу кыйкырган кишиники эле туура боло берсе анда хаос болуп кетпейби. Жолугушуунун соңунда Жерүй кени боюнча ар бир райондон жана Талас шаарынан үчтөн өкүлдөн турган комиссия түзүү чечими кабыл алынып, учурда комиссия өзүнчө офис алып иштеп жатат. Комиссия мүчөлөрү Жерүй кенинде да болушуп, жасалып жаткан иштерди өз көздөрү менен көрүшүп таанышышты. Жакында дагы бир жарандык активист Талас жергесине келип, «мени Жерүй кенине киргизбей жатат» деген дооматын айтыптыр. Биз ал адамга эч кандай тоскоолдук болбосун айттык, албетте Таласта түзүлгөн элдик комиссия менен биргелешип, иштешсе андан бетер жакшы болмок. Ал жолугушууда айрым өкүлдөр «Жерүй кениндеги калдыктар сакталуучу жай технологиялык эрежелер бекем сакталбай курулду, ал жерден булак чыккан, ошондуктан өрөөнгө кооптуу жагдай түзүлдү. Ошол үчүн биз тынчсызданып жатабыз» деген ойлорун билдиришкен эле. Бирок мунун баары интригалык оюндар жана жүйөөсүз дооматтар. Анткени жумурткадан кыр издеп, калдыктар сакталуучу жайга мембрана материалы төшөлүп жатканда жаандын суулары көлчүк-көлчүк болгон көрүнүштөрдү телефондорго тартып, атайын ызы-чуу салгысы келген адамдар да болгон. Элибизде бөдөнөнү сойсо да касапчы болсун деп бекеринен айтылган эмес. Ошондой эле мамлекеттик эмес экологиялык экспертизалык комиссиялар ишти дыкаат көзөмөлгө алып турушту.

-Алар «кенде 105 тонна алтын кору же 5 миллиард доллардан ашык кен байлык бар, өлкөнүн алтын продукциясынын үлүшү жокко эсе болуп калган» деген дооматтарды байма-байма айтып келишет?..

-«Альянс Алтын» ЖЧКсынын мурдагы директору Михаил Шубин компания тараптан эч качан мыйзам бузуулар жок экендигин бир нече жолу баса белгилеп айтып келген. Жер үйдө алтындын кору 88 тонна деп жазылып турат, анан кайдагы 105 тонна запас? Техникалык, экономикалык негиздер да 88 тонна менен кабыл алынган. Демек 5 миллиард доллардан ашык кен байлык бар деген сөз чындыкка коошпогон, такталбаган маалымат.

-Адистердин айтымында алтын кениндеги кор 3,5 млрд долларды түзүп, кыйласы өндүрүштүк чыгымдарга жумшалаары айтылган эле…

-Албетте, маселен айтмакчы. Өлкөнү Курманбек Бакиев башкарып турганда «Глобал Голд» компаниясы «Визор» компаниясынын лицензиясын тартып алып, интригалык оюндардын натыйжасынан Вашингтон шаарындагы эл аралык арбитраждык сотто Кыргызстан 585 миллон долларга жыгылганы жалпыга маалым. Өндүрүш иштесе, алтын продукция алына баштаса 7 жыл бою инвестор чыгашаларды жабуу менен алпурушат. Мисалы, алтын ылгоочу фабриканы эле курууга 273 млн. доллар жумшалыптыр. Адистер тарабынан жалпысынан 2 млрд. 129 млн. доллар каражат чыгашаларды жабууга жумшалары айтылган. Эгер амбициялуу адамдар алтын кендин тегерегинде интрига уюштуруп тоскоолдук жарата берсе жалпысынан «Алтын Альянс» 1 млрд. долларга доо койсо ансыз да өлкөнүн жалпы карызы 5 млрд. долларга жакын болуп турса өлкө экономикасы кантип көтөрөт? Муну ар бир аң сезимдүү адам түшүнөт го деп ойлойм.

-Жер үй кени иштетиле электе эле келишимдин милдеттенмелердин негизинде облуска жарым миллиард сомдон ашык каражат которуп берди эле?

-Ооба, ал милдеттенмелер боюнча облустун өнүктүрүү фондусуна 170 миллион сом, Талас райондук өнүктүрүү фондусуна 170 миллион сом, Бекмолдо айыл аймагына 170 миллон сом которулуп берилген. Ал каражаттарга облустун көптөгөн айылдарына кичи футбол аянтчалары курулуп, облус баштан аяк жарыктандырылды, объектилер курулуп, инфраструктуралар жакшыртылды. Ошондой эле «Бакубат Талас» фондусу аркылуу жүздөгөн миллион сом каражаттар социалдык тармактарга жумшалып, долбоорлор ишке ашырылды. Эгер алтын продукциясы алынып, өндүрүш толук ишке кирсе келишимдик милдеттеме боюнча Талас облустук өнүктүрүү фондусуна 2 пайыздык каражат чегерилип, жылына 400 миллион сомдон 600 миллион сомго жакын каражат облустук социалдык-экономикалык турмушун көтөрүүгө жумшалмакчы. Баса белгилеп коюучу факты, мындай мүмкүнчүлүк башка облустардын баарында эле жок. Андан тышкары социалдык төлөмдөр, салык төлөмдөрүнөн өлкөбүзгө жүз миллиондогон каражат түшмөкчү.

-Ошол сиз айткан облустун өнүктүрүү фондусуна түшкөн 2 пайыздык төлөмдүк каражаттар кайсыл максаттарга пайдаланылат?

-Негизинен социалдык багыттарга пайдаланылат. Мисалы бюджеттен өтө аз айлык алып, үй сатып алайын десе каражаты жетпей, ижарада жашап жаткан жүздөгөн билим берүү, медицина, маданият, укук коргоо кызматкерлери бар. Мына ошолорго квартираларды курууга неге болбосун. Ошондой эле өтө аз камсыз болгон адамдар да аз эмес. Албетте андан тышкары Талас облусунун борбору Талас шаарынын, райондордун инфраструктураларын жакшыртууга багытталат. Айтмакчы, жашырганда не өлкөбүз өтө чоң бюджеттик тартышчылыкты баштан кечирип жатканда Жерүйдөн жыл сайын түшө турган жарым миллиарддын тегерегинде каражат облустун социалдык-экономикалык турмушуна абадай эле зарыл деп ойлойм. Эми Кудай буйруса облустун тарыхында биринчи жолу өтө чоң өндүрүштүн Жерүй кениндеги курулуш иштери аяктап, ишке берилгени турганы зор окуя. Жалаң эле облус эмес, өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө Жер үй кенинин иштей баштаганы чоң таасирин тийгизет. Бюджетке омоктуу каражаттар түшүп, бюджеттин тартыштыгын жеңилдетүүгө өбөлгө түзүлөт. Айтор ХХІ-кылымдагы чоң окуя болду. Өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери геологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, бирок ар кандай себептер жана коомдук саясый кырдаалдардан улам «багы ачылбай» келген Жерүй кенинин иштетиле башташы ушул биз жашап жаткан мезгилге туш келгени өзүнчө жакшылыктуу окуя.

К.Кушубаков

Булак: “Майдан.кж

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: