Menu

Британ басылмалары Карабакта сириялык жалданма аскерлер согушуп жатканын кабарлашты

Бөлүшүү:

Сириянын Түркия көзөмөлдөгөн аймагынан жүздөгөн жалданма аскер Азербайжанга жеткирилип, жаңжал болуп жаткан Тоолуу Карабакка жөнөтүлдү.

Бул тууралуу Би-Би-Синин араб кызматына жалданма аскерлердин бири билдирген. Маалыматка караганда, Сириянын түндүгүндө жашаган 17 жаштан 30 жашка чейинки жүздөгөн эркек Азербайжанга жөнөтүлгөн. Бул аймакты Башар Асадка каршы чыккан жана Түркия колдогон оппозиция көзөмөлдөйт. Жалданма жоокердин айтымында, 27-сентябрда ал жана анын кесиптештери согуш талаасына жеткирилип, ок алдында калышкан. Ал өзүлөрү жайгашкан базадан он жердешинин сөөгүн көргөнүн, мындан тышкары жетимиштей адам жарадар болгонун билдирди. Журналисттер анын айткандарын текшере алышкан эмес.

30-сентябрда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Карабактын куралдуу жаңжал чыккан аймагында жалданма аскерлер колдонулганын кабарлаган. Министрлик алар Сирия жана Ливиядагы мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн жалданмачылары экенин кошумчалаган. Ошол эле маалда аларды ким пайдаланып жатканы түз айтылган эмес.

Карабактагы жаңжалда Азербайжандын катарында согушуп жаткан сириялык жоочу менен британиялык Guardian гезити маек курган. Сириялык жалданма аскерлерден Times басылмасы да интервью алган. Урушка түрктөр жалдаган жоочулар колдонулуп жатканын орусиялык аскердик кабарчы Семён Пегов жана L’Express француз журналы да жазган.

Баку жаңжал чыккан аймакта жалданма аскерлер катышып жатканын четке какты. Өлкө ТИМинин билдирүүсүндө чет өлкөлүк жалданмачылар армян тарапта экени айтылган.

Азербайжан менен Армения 1980-жылдардын аягынан баштап Тоолуу Карабак үчүн тирешип келет. Азербайжандын аймагында болуп, негизинен армяндар жашаган бул аймак өз алдынча бөлүнүп чыкканын жарыя кылган. Дүйнөлүк коомчулук тааныбаган аймакта соңку 30 жылда бир нече жолу куралдуу кагылыштар болгон.

Акыркы жолу 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки өлкө тең аскердик абал жарыялап, соңку кагылышты согуш деп аташты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: