Menu

Унутта калган Дача-СУда эмне кеп?

Бөлүшүү:

2017-жылдагы учак кырсыгы эсиңиздеби? Эч кимдин иши деле жок, расмий каттоого тура албаган он миңге чукул эл жашаган мындай калктуу пункт бар экенин деле көпчүлүк биле бербеген, шайлоочулардын саны керек
болгондо гана талапкерлер биринен сала бири ат тезегин кургатпай каттап, укмуш убадалар менен “жыргатып” салган Дача-СУ дал ошол каргашадан кийин бир азга көңүл борборунда болуп, кайра унутулуп калган кез.

Алапайыбызды таптырбай, жөө тумандай каптап кеткен илдет учурунда сыркоолоп калгандар кайсы жакка кайрыларын билбей, жөн гана көрсөтмө алганга, ийне сайдырганга дарыгер таппай карайлап калды.

Дачанын төрагасы Туратбек Токторбаев пандемия учурунда кыйналган элдин түйшүгүн жеңилдетүү максатында ФАП куруу демилгесин көтөрүп, жалпы жашоочулар, анын ичинен жаштар колдоого алып ашар жолу менен 3
ай бою курулуш иштери жүргүзүлүп, жаңы имарат салынды. Беш бөлмөлүү имарат чакан дарыкана, процедуралык бөлмө, 8 адамга ылайык 2 бөлмөлүү койкага ылайыкталган.

Бүгүн Дача-СУда жаңы салынган ФАПтын ачылышына арналган иш- чара өттү. 39 жашоочусун жоготуп, туусу ылдый түшкөн азалуу күндөрдөн кийинки алгачкы салтанаттуу иш-чарада аруу тилек менен символдуу түрдө
туу көтөрүлдү.

ФАПтын ачылышына келген Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исакулов жана Сокулук райондук ооруканасынын башкы врачы В.Китаева документ иштерин бүтүрүүгө, керектүү жабдыктарды алып берүүгө,
ошондой эле медкызматкерлер менен камсыздоого жардам көрсөтүшөрүн убада кылышты.

Дача-СУда айыл статусу жок болгондугуна байланыштуу мындай медпунктарды ачып иштетүүгө уруксат берилбейт дейт. Бирок, дачанын төрагасы Т.Токторбаев жалпы жашоочулардын атынан КРнын Президенти
С.Ш.Жээнбековго кайрылуу жолдоп, тийиштүү уруксат кагаздарын алууга аракет кылууда. ФАПтын ачылышын көптөн күткөн жашоочулар эми уруксат кагазын чыдамсыздык менен күтүшүүдө.

Айтылганына 4 жылга чукулдап калган убадалар, шайлоолордун алдында айтылган сөздөр аткарылбаса да, “абалың кандай, Дача-СУ” деп кабар алып койгондор болбосо да, эл өз күчү менен куруп алган медпунктту иштетүүгө уруксат берилсе, буга чейин суу, жарык көйгөйүн өзү чечип көнгөн жашоочулар, эч кимге жүгүн артпастан күн кечире беришет. Эң негизгиси тынччылык, аманчылык болсун, бөөдө кырсык, бөөдө кайгыдан
сактасын!

Нурбек Маамытбаев

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: