Москвадагы ооруканаларда көпүрөнүн кулашынан жапа чеккен 22 кыргызстандык дарылануусун улантууда. Үч кишиге операция жасалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, элчи Аликбек Жекшенкулов жаракат алган мекендештерге барды.
“Домодедово ооруканасынын башкы дарыгери мээге кан куюлган 24 жаштагы кыргызстандыктын дарылануусуна өзгөчө көңүл бурулат деп ишендирди. Анын абалы туруктуу оор. Ал жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулган”, – деп билдиришти дипломатиялык миссиядан.
Аликбек Жекшенкулов окуя болгон күнү иштеген ар бир кыргыз жаранына бир жолку материалдык жардам төлөп берүүгө убада берди.
Эскерте кетсек, 2020-жылдын 27-сентябрында Москва облусунун Ступино районундагы “ФМ Сидорово” логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн кулашынын натыйжасында, Кыргызстандын 51 жараны жабыркап, алардын ичинен 4 адам оор абалда Ступино ооруканасына жеткирилген. Каза болгондор жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ