Мары облусунда ири мүйүздү мал белгисиз илдеттен улам кырылууда. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.
«Кырылган малдын так саны канча экени белгисиз. Бирок Каракум районунда эле 200дөй баш мал өлдү деп айтып жатышат, башка аймактарда деле абал ушундай», – деди редакциянын кабарчысы.
Маалыматка караганда, ылаңдаган мал алгач чөп жебей, тез арыктап кетүүдө. Фермерлер башында өзүлөрү дарылоого аракет жасашкан, кийинчерээк ветеринарларга кайрылууга туура келген. Малга ийне сайылууда. Бирок ал дагы жардам берген жок.
Аймакта кара мал эки ай мурун эле ооруп баштаган, бирок соңку эки аптада илдет күчөп кетти.
Ветеринардык кызматкерлер малдын жапырт кырылышына эмне себеп болуп жатканын так айта алышпайт, алар мындай ооруну биринчи жолу кезиктиришкенин белгилешүүдө.
Жашоочулар жергиликтүү бийликке жардам сурап кайрылышкан, бирок эч кандай чара көрүлө элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ