Амстердамда кыргыз режиссеру Данияр Абировдун “Чырактар” аттуу кыска метраждуу тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Кыргызфильмдин” сайтында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, 7-октябрдан 8-ноябрга чейин Нидерландыда “Cinekid” балдар фестивалы онлайн режиминде өтөт. Кыргызстан “Чырактар” аттуу кыска метраждуу көркөм тасмасын тартуулайт. Башкы ролдорду Бактыбек Орозбеков, Элхан Орозбеков жана Нурали Жанышев ойношкон.
“Жаңы жыл түнү кар көп жаап, фейерверк жарылып жатат. Бирок кээде сыртка чыккың келбейт – бирөө дагы, экинчиси дагы жок болуп жатканда”, – деп айтылат тасманын сүрөттөмөсүндө.
Белгиленгендей, кыска метраждуу тасманын алгачкы көрсөтүүсү өткөн жылдын ноябрь айында Бишкекте өткөн VII “Үмүт” форумунда болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ