Menu

Ильич Кулназаров, белгилүү журналист: “Ички саясат менен алпурушуп жүрө берсек алыска кете албайбыз”

Бөлүшүү:

—Ильич мырза, бул жолку шайлоого көптөгөн журналисттер, медиа тармагында жүргөн жүздөр көп катышып жатышат. Себеби эмнеде?

—Журналисттер коомдун көйгөйүн эң жакшы билген, эл жана бийлик менен тыгыз байланышта болуп, аларга көпүрөлүк милдетти аркалаган тармактын өкүлдөрү. Андыктан, алардын аткаруу, мыйзам чыгаруу бийлигине, дегеле саясатка аттанып жатканы кадыресе көрүнүш. Бирок, башкы маселе кайсы журналист кандай иштегени, анын тажрыйбасы кандай экени маанилүү… Кээ бирлер бир-эки иликтөө жасап, курч сүйлөп койсо эле саясатчылар жаштардын квотасына кошуп салган учурлар көп кездешип келет. Бирок, алардын тажрыйбасы өтө эле аз болгондуктан, өздөрүнө эле жаман. Башкача айтканда, ката кетирип, өкүнүп калгандар, репутациясына көлөкө түшүрүп алгандар аз эмес. Профессионалдык, турмуштук жактан жетиштүү тажрыйба топтоп келгендер бар. Алар саясаттагы өзүнүн ордун жоготкон жок. Ал эми социалдык маселелер бизде абдан көп. Айрым учурларда өнөктөш коңшу мамлекеттер  чек араларын жаап койгон күндөр болду. Төрт бүктөлүп кошомат кылбай, алар менен тең ата сүйлөшүүбүз керек. Ошондуктан, кээ бир келишимдерге, андагы айрым пункттарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болуп турат. Россия, Казакстан өлкөлөрүнө биздин айыл чарба продукцияларын экспорттоо потенциалы жогору. Бирок, келишимдерде мүчүлүштүктөр кеткен. Кемчиликтерди оңдоого али да кеч эмес. Кыскасы, ички саясат менен алпурушуп жүрө берсек алыска кете албайбыз. Эл аралык саясат, мамилеге да талапка ылайык көңүл бурулуп, талапка ылайык иштер аткарылса деп тилек кылат элем.

—55 миң саат убактыңыз эфирде өтүптүр…

—Ооба, эринбей эсептеп көрсөм журналистикадагы 17 жылдык тажрыйбамда 55 миң саат убактым эфирде өтүптүр. Жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарында жөнөкөй журналисттен тарта редакторлук, жетекчилик кызматтарга жеттим. Өзгөчө аналитикалык, иликтөө материалдарын көп жасадым. Бул чоң тажрыйба деп ойлойм. Кезинде Дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде иш алып барган, дүйнө жүзүндө өз саясатын жүргүзүп келген Russia Tuday өңдүү телеканалдар менен иш алып барып, кызматташуу тууралуу келишимдерге жеткенбиз. Албетте, бул тармак менин жандүйнөм менен тыгыз байлангандыктан али да алдыда олуттуу долбоорлорду ишке ашырабыз деп ойлойм.

—“Ааламга жол айылдан башталат” демекчи, маек соңунда кичи мекениңиз Жумгал районундагы көп жылдан бери чечилбеген көйгөйлөр тууралуу учкай айта кетсеңиз?

—Биздин район борбор шаардан 300 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жумгал эли үчүн узак жылдан бери жол маселеси абдан көйгөйлүү маселе болуп келди эле. Кудай буюрса, жолубуз эки жылдан бери Түндүк-Түштүк альтернативалык жолун куруу боюнча долбоордун алкагында салынып жатат. Бирок ал жаңы жолдун сапаты 100 пайызга жооп берет деп айта албайм. Неге дегенде жол салышкан фирмалар улам алмашып, сапатына жакшы көңүл бурулбай калган жагдайлар орун алды. Салынып жаткан жолдун баасы да абдан кымбат экени көп эле айтылып келет. Ал акчаны келечекте биздин эл, биздин балдар төлөйт да. Бул боюнча да кези келгенде кененирээк айтаарбыз. Дагы бир айта кетчү жагдай, Кыргызстандын түндүгүн көмүр менен камсыз кылган Кара-Кечеден 40-50 тоннага чейин көмүр жүктөгөн чоң унаалар жайы-кышы дебей Бишкек, Балыкчыга ташышат. Ошончо оор салмактагы унаалар жаңы салынып жаткан жолду бат эле талкалап салышы толук мүмкүн. Мына ушул маселени да талапка ылайык чечип, көзөмөлгө алуу зарыл.

Самара Саламатова

Булак: “Багыт.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: