Menu

2020-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларды индексациялоо тууралуу маалымат

Бөлүшүү:

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсиялар Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттардын алкагында жыл сайын индексацияланат.

Пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо максатында 2020-жылдын 11 -сентябрында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2020-жылдын 1-октябрынан тартып жалпы өлчөмү өткөн жылда түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болгон пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө» №481 жана «2020-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» №480 токтомдору кабыл алынды жана аларга ылайык 2020-жылдын 1-октябрынан тартып төмөнкүлөр каралган:

– пенсиянын базалык бөлүгүн 105%га өсүшүнө же 100 сомго индексациялоо. Ошону менен бирге эгерде пенсиясынын жалпы өлчөмү 4286,7 сом өлчөмүндөгү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун чондугунан төмөн болсо пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат.

– пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн 1,07 коэффициентине, бирок жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан 4286,7 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4286,7 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 360 сомдон кем эмес индексациялоону жүргүзүү.

Индексациялоонун жыйынтыгы менен пенсиялардын өлчөмдөрү орточо эсеп менен 107%га өсөт.

Бул иш-чаралар эң төмөнкү чекти белгилөөнүн эсебинен аз камсыз болгон, ошондой эле пенсиялык системага чоң чегерүүлөрдү төлөгөн жарандардын дагы кызыкчылыктарын коргойт, төгүмдөр канчалык көп болсо, индексациялоо ошончолук жогору болот.

Натыйжада, өлчөмү 4286,7 сомдон ашпаган пенсиялар эң аз дегенде 300 сомго, ал эми өлчөмү 4286,7 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар эң аз дегенде 360 сомго жогорулатылат.

Пенсияларды кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо 397 сомго жогорулап, пенсиянын орточо өлчөмү 6061 сомду түзөт.

689,0 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 827,8 миллион сом, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 75,2 миллион сом, Пенсиялык фонддун  каражаттарынын эсебинен пенсиялардын камсыздавдыруу бөлүктөрүнө 752,6 миллион сом кошумча керектелет.

Пенсионерлер 2020-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларын жогорулатылган өлчөмдөрдө алышат.

Пенсия төлөөнүн жалпы тартиби

Учурдагы ай үчүн пенсия инсандыгын ырастаган документти бергенде төлөнөт. Пенсионер пенсия жеткирген уюмду, ошондой эле пенсия алуу ыкмасын (пенсияны үйүнө почта бөлүмүнүн кызматкери менен жеткирүү, почта бөлүмүнүн же банктын кассасында алуу же пенсиясынын суммасын пенсионердин банктагы карт-эсебине которуу аркылуу) тандоого укуктуу.

Пенсияны ишеним кат боюнча төлөөнүн тартиби

Мындан тышкары, пенсионердин, ага чектелген пенсиясын ал ишеним көрсөткөн адам ала алат. Ишеним кат боюнча колдонуу мөөнөтү бир жылдан өткөн пенсия пенсионер жыл сайын аны пенсия алган жери боюнча каттатуу фактысын ырастаган шартта ишеним каттын бардык колдонуу мөөнөтүнүн ичинде төлөнөт.

Почта байланыш ишканасы аркылуу пенсия төлөөнүн тартиби

“Кыргыз почтасы” ишканасы аркылуу пенсионерлер пенсиясын үйүнө жеткирүү менен же жашаган жериндеги почта бөлүмүнөн өз алдынча алса болот. Бул учурда ар бир пенсионерге пенсия алуу датасы жеткирүү графигине ылайык белгиленет, мында пенсия белгиленген датадан кечирээк пенсия төлөө мезгилинин аралыгында төлөнүшү мүмкүн.

Пенсия почта бөлүмдөрү аркылуу, ар бир айдын 10унан 25ине чейинки числодо төлөнөт. Пенсия төлөөнүн башталышы бул күн дем алыш же майрам күндөрүнө туш келип калганда өзгөрүшү мүмкүн. Эгерде пенсионер пенсиясын катары менен алты ай бою албаса, анда пенсия төлөө токтотулат жана төлөөнү кайра жаңылоо үчүн Социалдык фондго жашаган жери боюнча (пенсиялык ишинин турган жери боюнча) арыз жазууга туура келет.

Коммерциялык банктар аркылуу пенсия алуунун артыкчылыктары 

Банк аркылуу пенсионерлер пенсиясын банк бөлүмүнүн кассасында ала алышат же банк картасын тариздеп, акча каражаттарын банкомат аркылуу чыгарып алса болот. Пенсиясын банк картасы аркылуу алуу пенсионерлерге акча каражаттарын каалагандай өлчөмдө жана аларга ылайыктуу мезгилде чыгарып алууга мүмкүндүк түзөт. Акчаны ошондой эле тийиштүү банктын банкоматы бар башка шаарда же айылда жүрүп деле чыгарып алса болот. Ошентип, пенсионер тийиштүү банктын банкоматы же филиалы болгондо, ал жүргөн жерден акча чыгаруу мүмкүндүгүнө ээ болуу менен Кыргызстандын чегинде ары-бери жүрө алат. Банк картасынын жардамы менен, ошондой эле коммуналдык жана мобилдик операторлордун (телефон) кызмат көрсөтүүлөрүн комиссиялык жыйымсыз төлөсө болот.

Пенсионерлердин банктык эсептерине пенсия чегерүүнүн тартиби

Пенсия төлөөгө акча каражаттары, ошондой эле качан бул дата дем алыш жана майрам күндөрүнө туш келип калган күндөрдү кошпогондо, ар бир айдын 10-числосунан баштап банкттарга которулат. Пенсионердин эсебине пенсия КР Социалдык фондунун аймактык органдарынан чегерүү суммасын көрсөтүү менен акча каражаттары жана пенсионерлердин тизмелери түшкөн күндөн кийинки күнү банк тарабынан чегерилет. Өзүнүн акчаларын алар чегерилгенден кийин банктык эсептен каалаган күнү алса болот.

Пенсияны коммерциялык банктар аркылуу төлөөгө өтүүнүн тартиби

Эгерде пенсионер жеткирүү ыкмасын өзгөрткүсү келсе ал пенсиялык иши турган Социалдык фонддун аймактык башкармалыгына бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоосу керек. Эгерде пенсионер коммерциялык банктын тейлөөсүнө өтүүнү чечсе ал алдын ала пенсиясын алууга ыңгайлуу жана пайдалуу банкты тандап, жанына паспортун жана пенсиялык күбөлүгүн алып банк менен тийиштүү келишим түзүп, андан кийин гана банк эсебинин маалыматтары менен пенсиялык иши турган Социалдык фондду аймактык башкармалыгына барып анан пенсияны жаңы ачылган банк эсебине чегерүү жөнүндө арыз бериши керек.

Социалдык фонд пенсионерлерди тейлөөгө келишимдерди түзгөн банктардын тизмеги

Пенсионерлердин пенсиялык жана карталык эсептерин тейлөө боюнча келишимдер түзүлгөн коммерциялык банктарынын тизмеги.

1. «Айыл Банк» ААК;

2. «Бай-Түшүм» Банкы ААК;

3. «Бакай Банк» ААК;

4. «Азия Банкы» ААК;

5. «Компаньон Банкы» ЖАК;

6. «Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы» ЖАК;

7. «Доскредобанк» ААК;

8. «Капитал Банк» ААК;

9. «Коммерциялык Банк Кыргызстан» ААК;

10. «Керемет Банк» ААК;

11. «Кыргызкоммерцбанк» ААК;

12. «Кыргызский Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАК;

13. «Оптима Банкы» ААК;

14. «РСК Банк» ААК;

15. ЖАК АКБ «Толубай»;

16. «Финанс Кредит Банк» ААК;

17. «Финка Банкы» ЖАК;

18. «Халык Банк» Кыргызстан» ААК;

19. ОАО «ЭкоИсламикБанк».

Булак: “Багыт.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: