Menu

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Виктор Гуминский менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине байкоо сала турган КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси, КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Виктор Гуминский менен жолугушту.  Бул тууралуу бүгүн. 2-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине мониторинг жүргүзүү үчүн КМШнын байкоочулар миссиясынын делегациясы белгилүү бир кыйынчылыктарга карабастан Кыргыз Республикасына келгенин белгилеп, байкоочулар миссиясынын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.

«Быйыл өтүп жаткан шайлоо процессине ЕККУнун Демократиялык институт жана адам укуктары боюнча бюросунун, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын, Шанхай кызматташтык уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү  байкоо салууда. Ошол эле учурда миссия Кыргыз Республикасынын аймагын кеңири камтуу үчүн миссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын дээрлик бардык аймактарында жүргүзүп жаткан иштери дагы бир жолу кыргыз тараптын эл аралык байкоочулар үчүн ачыктыгын жана кыргыз тараптын ачык жана демократиялык шайлоону камсыз кылууга умтулгандыгын күбөлөндүрөт», – деди вице-премьер-министр.

Акрам Мадумаров шайлоочулардын тизмесин түзүү жана аларды идентификациялоо  биометрикалык маалыматтардын негизинде жүргүзүлүп жатканын, добуштар автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын жардамы менен эсептелерин айтып, Кыргыз Республикасында шайлоо процесси санариптик технологияларды пайдалануу менен өткөрүлүп жатканын кошумчалады.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрөт», – деди Акрам Мадумаров.

Вице-премьер-министр КМШнын байкоочулар миссиясынын өкүлдөрүнө ийгиликтерди каалап, Кыргыз Республикасы үчүн ар тараптуу кызматташуу, Шериктештик мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди ырааттуу тереңдетүү үчүн КМШ жана анын институттарынын диалог аянтчасын максималдуу пайдалануу маанилүү экендигин кошумчалады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: