“Биримдик” партиясынын үгүт иш-чарасынын жүрүшүндө, сахнада атаандаш саясий партиялардын кээ бирлерине сын сөздөр айтылды. Бул видеотасма социалдык тармактарда тарады.
“Кыргызстан жок болот дегенден кийин, кылганды кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп, Кыргызстандын жерин сатат деген мына “Бүтүн Кыргызстан” турат. Бардык реформаны кылабыз деген “Республика” партиясы турат. Анан эң башында 6-чакырылыштын төрагасы Дастан Артисбекович турат. Ушул агаларыбызга жапырт кол чаап койсок” – дейт “Биримдик” партиясынын өкүлү үгүт иштери маалында.
Белгилүү болгондой, шайлоо алдындагы жарыштын катышуучуларынын ортосунда атаандаштар жөнүндө терс сөздөрдү айтууга тыюу салынган келишим түзүлөт.
Бул боюнча “Биримдик” партиясынан талапкер Евгений Строкова журналисттерге комментарий берип, анын партиялашы шайлоодон кийин башка партияларды сындаса туура болмок экенин билдирди.
“Эгерде ал башка партиялар жөнүндө терс нерсени айткан болсо, анда мен аны туура эмес деп эсептейм. Анын үстүнө азыр шайлоо алдындагы мезгил. Мисалы, мага дагы айрым партиялар жакпайт, ошондуктан мен “Биримдик” партиясынын мүчөсүмүн. Аларды сындаса болот, бирок шайлоодон кийин” – дейт Строкова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ