Үч спортчу “Эл аралык класстагы спорт чебери” наамын алышты. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.
Спортчулар бул наамдарды Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги 2016-жылдын 23-декабрында бекиткен бирдиктүү классификация боюнча алышты.
Бел боо күрөшүнүн өкүлдөрү “Кыргыз Республикасынын спорт чеберлери” болушту.
– Сыймык Алымкулов, 2000-жылы туулган, бел боо күрөшү (классикалык стиль)
– Нурсултан Мелис уулу, 1994-жылы туулган, бел боо күрөшү (классикалык стиль)
– Үсөнов Манас, 1995-жылы туулган, – бел боо күрөшү (эркин)
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ