Menu

Армения Тоолуу Карабак боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди

Бөлүшүү:

Ереван Тоолуу Карабакта ок атышууну токтотуу боюнча ЕККУнун Минск тобунун ортомчулугу менен сүйлөшүүгө даяр. Бул тууралуу Армениянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Армения ТИМи Азербайжан Тоолуу Карабакта күч колдонгонун жана согуштук аракеттерге Түркиянын катышып жатканын сындады. Билдирүүдө Ереван жаңжалды тынч жол менен чечүүнү жактай турганы, бирок Азербайжандын агрессиясына жооп кайтарууга кудуреттүү экени белгилеген.

Баку армян ТИМинин билдирүүсүнө комментарий берген жок.

Азербайжандын Коргоо министрлиги 2-октябрь күнү эртең менен азери аскерлери Тоолуу Карабактагы стратегиялык бийиктикти ээлеп алганын кабарлады. Аймакта түнү менен атышуу болгонун Армения Коргоо министрлиги да тастыктады.

Париж менен Москва Азербайжан тарапта Түркиянын сириялык жалданма аскерлери согушуп жатканын билдирүүдө. Алардын арасында “Ислам мамлекети” террордук тобуна кирген жоочулар да бар.

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери армян-азербайжан жаңжалына Түркиянын кийлигишүүсү кырдаалды ого бетер курчутарын айтышууда.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшүп келген Тоолуу Карабак аймагындагы абал 27-сентябрдан бери курчуп, атышуу уланууда. Кагылышуудан улам 100дөн ашык адам, анын ичинде жай тургундар мерт болгону кабарланууда. Тараптар бири-бирин чатакты ырбатканы үчүн айыптап жатышат.

Буга чейин БУУ баштаган эл аралык уюмдар жана бир нече өлкө кырдаалды тынчтык жол менен жөнгө салыш үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган. Эл аралык коомчулук бул чатак башка өлкөлөр аралашкан аймактык согушка айланып кетет деп чочулап жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: