Menu

Милиция Кара-Суудагы агитатордон алынган 313 миң сом кимге таандык экендигин аныктап жатат

Бөлүшүү:

Учурда Кара-Суу районунун Нариман айылындагы агитатордон алынган 313 миң сом боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 1-октябрь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө чалуу келип, бир адам саат 18:00 чамасында Кара-Суу районунун тургундарына белгисиз тараптын агитаторлору акча таркатып жаткандыгын айткан.

Бул билдирүү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын КЖБРге катталган.

Алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгында 25-сентябрда Нариман айылынын тургунунун жалпы суммасы 313 миң сом болгон каражаты бар экени аныкталды. Учурда бул 313 миң сом кимге таандык экендиги такталып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Буга чейин “Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү белгисиз партиянын агитаторлору болушу мүмкүн экендиги айтылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: