1-октябрда УКМК Бишкек шаарында эл аралык террористтик уюмдардын согушкерлеринин кирип кетүүсүнүн алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан антитеррордук иш-чаралардын алкагында чет элдик К.Б.К. аттуу жаранды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтар боюнча, кармалган адам Кыргызстандын аймагына жер алдындагы террордук уюмун түзүү үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча пландары менен кирип, колго жасалган жарылуучу затты даярдоо, уулуу жана жарылуучу заттарды колдонуу боюнча адабияттарды изилдеп, ошондой эле адамдарды Сирияга мыйзамсыз жөнөтүү менен алектенип, Сирияда согушуп жаткан эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү менен аралыктан байланышта болгон. Буга чейин ал КМШ өлкөлөрүнүн биринде экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн сот жообуна тартылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ