Кечээ, 2-октябрда КР Тышкы иштерминистри Чыңгыз Айдарбеков өзөктүк куралды толук жок кылуу үчүн
күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө арналган БУУ Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жыйынына видео кайрылуу менен катышты. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Өз сөзүндө Чыңгыз Айдарбеков Бириккен Улуттар Уюмунун куралсыздануу жаатындагы борбордук ролун, ошондой эле ядросуз дүйнөгө жетишүү үчүн көп тараптуу механизмдерди сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Мындан тышкары, ал куралсыздануу жана массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышына жол бербөө КР тышкы саясатынын негизги принциптеринин бири катары билдирди.
КР Тышкы иштер министри Борбор Азиядагы ядролук куралсыз аймагынын маанисин белгилеп, быйыл Кыргызстан координатору экендигин айтты. Тактап айтканда, министр, ядролук куралсыз аймактын регионалдык жана глобалдык коопсуздукту чыңдоодо жана ядролук энергияны тынчтык максатта колдонууда, Борбор Азия региону айкын үлгү экендигин баса белгиледи.
Буга байланыштуу, Чыңгыз Айдарбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын жүрүшүндө Борбор Азия мамлекеттери тарабынан сунуштала турган «Борбордук Азиядагы ядролук куралсыз аймак жөнүндө келишим» резолюциясын колдоого чакырды.
Муну менен катар, КР Тышкы иштер министри өз сөзүндө уран казып алуунун экологиялык кесепеттеринин көйгөйлөрүнө, ошондой эле куралсыздануу жана ядролук куралдын жайылышына каршы көмөктөшүү максатында билим берүү жана адистерди даярдоонун ролуна көңүл бурду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ