Menu

Добуш берүү күнү Өкмөт үйүндө call-борбор иштейт

Бөлүшүү:

Эртең, 4-октябрда, добуш берүү күнү КР Өкмөт үйүндө КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Добуш берүү күнү шайлоочулар электр жарыгынын, Интернеттин жоктугу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тараптан бет кап режиминин жана санитардык ченемдерди сакталбашы жана башка мыйзам бузуулар болсо ишеним телефондоруна чалса болот.

Ишеним телефондор: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11, факс (0312) 66 61 97.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул номурларга чалуулар «Кыргызтелеком» ААКтын Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук операторлордон учурдагы тарифтерге ылайык жүргүзүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: