Түшкү саат 12:00до БШКнын ыкчам аракеттенүү боюнча координациялык тобуна 21 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу БШК мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров бүгүн, 4-октябрда маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, төмөнкү арыздар келип түшкөн:
жабдуулар көйгөйлөрү,
идентификациялоочу шаймандардын, мониторлордун иштен чыгышы
жымжырттык күнүндөгү мыйзам бузуулар – сыналгыдан жарыяланган үгүт видеолору,
белгисиз адам тизмелерди чогултуу,
кабинканын туура эмес жайгашышы,
байкоочулар шайлоочуларды кабиналарына чейин узатышат.
Ал кошумчалагандай, БШКнын мүчөлөрүнө партиялардан жана жарандардан шайлоо участкаларына жакын жана участоктордогу мыйзам бузуулар боюнча арыздар түшүп жатат.
“Мен бардык жерде ички иштер органдары тарабынан чаралар көрүлүп жаткандыгына ишендиргим келет. Тез арада чара көрүлүп жатат”, – деди ал.
КР Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов майда бейбаштык фактысы катталганын кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ