Menu

Батукаев маселесинде биринчилерден болуп Феликс Куловдун жоопкерчилиги каралышы керек

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу

Урматтуу Өткүрбек Асилбекович!

Элибизде “кан кое бербейт”, “кыргыздыкы кырк жылда” деген кеп бар. Азыр андай кеп кырк жылда болбосо дагы ага жетпей ачылып калчу болду. 2005-жылы менин уулум Акматбаев Тынычбек Абдымаликович Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттеги коргонуу, коопсуздук, коррупцияга каршы комитеттин төрагасы катары өлкөбүздөгү абактарды текшерүү үчүн барып, Молдовановкадагы жабык жайдан айтылуу баш кесер Азиз Батукаев тарабынан атылып, каза тапкан. Мен ойлойм, алар уулумду атайын дыкат даярдалган план менен атып өлтүрүшкөн. Ошол кездеги өлкөбүздүн өкмөт башын жетектеген Феликс Кулов Азиз Батукаев менен абдан жакшы мамиледе экендиги, анын айныгыс далили катары Жаңы-Жердеги абактан экөө кучакташып түшкөн сүрөттөрү бар экендигин кайда катат элек? Кезегинде ал сүрөттөрдү андагы президент Курманбек Бакиевдин алдына алып барсам, ал киши сүрөттөрдү карагысы келбей “буларды атайын түзүлгөн комиссияларга берип койгула, ошолор карайт, менин буларды караганга убактым жок” деп күңкүлдөп койгон. Алардын түзгөн комиссияларына мен ошол сүрөттөрдү бергенмин. Феликс Куловдун Азиз Батукаев менен бирге кучакташып түшкөн сүрөттөрү гана эмес, видеолору да бар болгондугу жалган беле? Уулум Тынычбек Акматбаев каза болгондон кийин Феликс Кулов андагы президент Бакиевге барып, “Курманбек Салиевич, сиз билбей жүргөн турбайсызбы, Жаныш Бакиевге эчак эле генералдыкты берсек болмок” деп барып, көп өтпөй президенттин иниси генерал болгонун эч кимиңер унута элексиңерби? Тынычбек уулум кылмышкерлердин колунан каза тапкан соң жарым жыл өтпөй дагы бир балам Рыспек Акматбаевди да канкорлор атып кетишти. Ошентип, эки баламдан ажырап, байбичем экөөбүз кан жутуп отуруп калдык. Ошол кезде президенттин иниси Жаныш Бакиев негизги ролду ойноп, өзүнө каршы болуп, укпай койгон депутаттарды, кыргыздын патриот тыңчыкма жигиттеринин көзүн тазалап турган.

Ошол кездеги тиешелүү жетекчилерди, өзгөчө президенттерди узаткандай Батукаевди коштоп, узаткан генерал Зарылбек Рысалиевдин дагы жоопкерчилиги каралышы керек. Ал эмнеге ушул кезге чейин анткорлонуп, ооруканада жатат? Зарылбек тек гана учурда коркуп, коркконуна чыдабай ооруканага жатып алды. Бул кишинин сөзсүз жоопкерчилиги каралышы керек. “Кокуй өлүп калат, 3 күндүк өмүрү калды” деп чебелектеп жамы-журтка жар салып Батукаевге “адвокат” болгон Турсунбек Акундун да жоопкерчилиги да татыктуу каралышы кажет.

Кайрылуумдун соңунда дагы бир жолу баса белгилеп жана өтүнүп кетким келет: Батукаевдин маселесинде Феликс Куловдун да түздөн-түз жоопкерчилиги бар деп эсептейм! (Айтмакчы, ал Азиз Батукаевдин эжесинин кызын алгандыгы туурасында да кеп болуп жүрөт.) Кулов бирдеме болсо эле “мен аны тааныбайм, мен аны билбейм” деп ийнин куушурат экен. Кантип билбейт? Мен өзүм анын Батукаев менен Жаңы-Жердеги абакта кучакташып түшкөн сүрөттөрүн көргөнмүн. Кезегинде Аскар Акаев бекеринен Феликс Куловду түрмөгө отургузган эмес. Ошондуктан, учурда Батукаевдин маселеси козголуп жаткан чакта Феликс Куловдун да жоопкерчилигин карап, тапчысун таап жазалап беришиңизди мен сизден өтүнөт элем. Балким, Батукаевдин качырылышындагы маселеде чоң аракеттер дал ошол Ф. Куловдун айланасында болушу да толук мүмкүн.

Абдымалик Акматбаев, Чолпон-Ата шаарынын 82 жаштагы тургуну

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: