Menu

Шайлоонун жыйынтыгына макул эмес “Ата Мекен” жана “Республика” партиялары бүгүн акция өткөрүшөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 5-октябрда саат 14: 00дө “Ата Мекен” жана “Республика” партиялары Бишкектеги Опера жана балет театрынын имаратынын жанында акция өткөрүшөт. Бул тууралуу “Республиканын” өкүлү Мирлан Жээнчороев билдирди.

Ал партияны колдогондордун жана Бишкекте болгондордун бардыгын акцияга катышууга үндөдү.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Жанар Акаев бул парламенттик шайлоо канчалык ыплас болгонун, олигархтар менен кылмышкерлердин партиялары өтүп жаткандыгына бардыгы күбө болгонун белгиледи.

“Эртең биз, оппозициялык партиялар, талаптарыбыз менен чыгабыз. Биз олигархтар менен кылмышкерлердин партияларынын өтүшүнө жол бербешибиз керек. Биз эртең бардыгын шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга чакырабыз”, – деп кошумчалады ал.

Ошондой эле, “Ата Мекен” фракциясынын депутаттыгына талапкер Эльвира Сурабалдиева белгилегендей, бүгүнкү күндө жеринде шайлоочулар менен жолукпаган адамдар шайлоодогу жеңиштерин майрамдап жатышат.

Руслан Казакбаевдин айтымында, алар шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогондордун бардыгын митингге келип, өз оюн билдирүүгө, анын ичинде башка партиялардын талапкерлерин да чакырышат.

БШКнын алдын ала маалыматы боюнча, парламенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн талап кылынган добуштардын 7% дан ашыгын “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары алышты.

Бир нече партиялар шайлоонун жыйынтыктарын кабыл алуудан баш тартышты. Алардын катарында “Республика”, “Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Ыйман Нуру”, “Замандаш”, “Мекен Ынтымагы”, “Реформа”, “Социал-демократтар” бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: