Бүгүн, 5-октябрда добуштарды кол менен саноо жүрүп жатат. Азырынча кол менен эсептөө боюнча “Мекеним Кыргызстан” партиясы алдыда (24,35%). Экинчи орунда “Биримдик” (22,74%), үчүнчү орунда “Кыргызстан” (9,3%). Төртүнчүдө – “Бүтүн Кыргызстан” (7,19%) Калган партиялардын бардыгы 7%га жетпеген добуш топтоп жатышат.
7% босого чектен өтө албай жаткан партиялар: “Мекенчил” партиясы – 6,82%, “Республика” партиясы – 6,01%, “Ата Мекен” – 4,17%, “Ыйман Нуру” – 3,61%, “Бир Бол” – 3,31%, “Замандаш” – 2,59%, “Чоң Казат” – 2,49% “Социал-демократтар” – 1,81%, “Реформа” – 1,12%, “Мекен Ынтымагы” – 0,82%, Афганистандагы согуштун ардагерлеринин партиясы – 0,14% жана “Ордо” – 0,19% алды.
Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 10го чукул саясий партиялар, тарапташтары Ала-Тоо аянтында мөөнөтсүз митинг өткөрүшүп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ