Menu

Орусия ИИМи: тажик оппозиционери Душанбеге өз ыктыяры менен учуп кеткен

Бөлүшүү:

Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Группа 24” тобунун өкүлү Шобуддин Бадалов Тажикстанга өзү учуп кеткенин билдирди.

Оппозициячыл топтун маалымат блогунун жетекчиси Дилшод Шарифовдун айтымында, Бадаловдун адвокаты Орусия ИИМине кат жөнөткөн, ага жооп иретинде министрлик “Бадалов 1-сентябрда Домодедово аэропортунан Тажикстанга өзү учуп кеткенин” кабарлаган.

“Группа 24” 1-сентябрда Тажикстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Бадаловду кармап, Душанбеге алып келишкенин маалымдаган. Тажикстан ИИМи бул боюнча комментарий бере элек.

Дилшод Шарифов Орусия ИИМинин жообунан кийин Бадалов Тажикстанда экени аныкталганын айтууда. Бирок анын Душанбеге өз ыктыяры менен келгени күмөн жаратат.

1-сентябрда Орусиянын Нижний Новгород шаарында Тажикстанда тыюу салынган «Группа 24» кыймылынын мүчөсү Шобуддин Бадалов кармалганы айтылган. Топтун мүчөлөрү анын кайда экени белгисиз болуп жатканын билдиришкен.

Быйыл июнь айында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Москвага барганда Шобуддин Бадалов менен Рахматжони Мухаммад Москвада пикет өткөрүшкөн. Анда укук коргоо органдары экөөнү тең кармап, 15 суткага камакка алган.

2012-жылы негиздеген “Группа 24” кыймылы 2014-жылы Тажикстандын Жогорку сотунун чечими менен экстремисттик деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Тажикстанда, Орусияда жана башка постсоветтик өлкөлөрдө бул кыймылды колдойт деген айып менен ондогон адам камалган. Кыймылдын негиздөөчүсү Умарали Кувватов 2015-жылы Стамбул шаарында өлтүрүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: