Menu

Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болду

Бөлүшүү:

“Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болду. Бул тууралуу маалыматты саясатчы өзү журналисттерге билдирди.

Анын айтымы боюнча, Райымбек Матраимовду, Искендер Матраимовду, Тилек Матраимовду камакка алууга санкциялар киргизилген.
Мындан тышкары, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо учурунда ири өлчөмдөгү бурмалоолорго катыштыгы барлардын бардыгы камакка алынат.

Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан талапкер Курсан Асанов Бишкек шаарынын коменданты жана ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу болгону жана талапкер Өмүрбек Суваналиевдин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына кайтып келгени, учурда коопсуздук, коомдук тартипти көзөмөлгө алуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканы белгилүү болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: