6-январда Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында бир 30 жаштагы келинди сабап, көлдүн жээгине таштап кетишкен. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы бүгүн, 8-январда журналисттерге билдирди.
Алардын маалыматына караганда, 6-январда, саат 15:30 чамасында, милицияга райондук ооруканадан чалышып, Чолпон-Ата шаарындагы «Көгүлтүр Ысык-Көл» эс алуу жайында С.Нурсалима аттуу аялды Ж.Азиз аттуу киши уруп-сабап, денесине залал келтирилгенин билдирген. Милиция ооруканага барып, жабырлануучудан арыз алган.
Эки баланын энеси, 1990-жылы туулган Нурсалиманын айтымында, ал ошол күнү, саат 12:00 чамасында Бишкектен Бактуу-Долоноту айылына келип, Достук көчөсүнөн үйүнө кетип баратканда таанышы Азизге кезигип калган. Ал аны машинасына сүйрөп отургузуп, көл жээгине алып барып аеосуз сабап, ары-бери сүйрөп, башка-көзгө ургулап, бычак менен сол колун тилип, таштап кеткен. Бул факт кечээ, 7-январда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ал эми жабырлануучуну сабаган 1983-жылы туулган Ж.Азиздин берген көрсөтмөсүндө, ал күнү Нурсалимага кезиккен эмес. Тагырагы, 6-январда, саат 10:00 чамасында ойгонуп, болжол менен саат 14:00дө Чолпон-Ата шаарында жашаган Исламдын үйүнө барган. Нурсалиманы акыркы жолу былтыр, декабрда көргөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ