Бүгүн, 6-октябрда “Чоң казат” партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев Генпрокурордун милдетин аткаруучу болду.
Буга чейин башкыпрокурордун милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов болгону айтылган. Бирок, Генпрокуратуранын имаратына келген 500дөй митингчи бул чечимди карап чыгууну талап кылышты. Алмамбет Шыкмаматов эл менен талашып-тартышпоону чечти.
Прокуратуранын мурдагы кызматкери Сыймык Жапыкеев депутат Кубанычбек Жумалиевдин эбегейсиз байлыгы тууралуу айтып чыкканда коомчулукка кеңири таанылган. Жапыкеев депутаттын 2,5 миллиард доллары бар экендигин жана анын мүлкүн тартып алуу керектигин билдирген. Депутат Жапыкеевге каршы доо арыз менен сотко кайрылган. Жапыкеев соттон утулуп, айып пул төлөөгө милдеттендирилген.
Парламенттик шайлоодо Жапыкеев “Чоң казат” партиясынан депутаттыкка талапкерлеринин тизмесинде 5-орунда турган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ