Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев кызматтан кетти. Анын себебин үй-бүлөлүк шартына байланыштуу ушундай чечимге келгендиги менен түшүндүргөн. Догоев ээлеген кызмат ордунан кетүү тууралуу арыз жазып, ага премьер-министр Сапар Исаков 14-февралда кол койгон. 30 жаштагы Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына 2017-жылдын июнь айында дайындалган болчу. Ага чейин 2014-жылдын июнь айынан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. Айтылган сындар кат-катынан ага жаай берип көтөрө албай кеттиби же чын эле ээлеген кызмат ордунда 8 айга чукул отургандыгы менен бир тыйындык да пайда келтире албагандыгын аңдадыбы айтор канткен күндө да мамлекетке кызмат кыла албаганын түшүндү кыязы. Бул жумуштан кетип, эми кайсы министрликтин ишин «кыйратат» болду экен?!
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ