Menu

Фото – Үмүтү үзүлбөгөн памирлик кыргыздар

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 11-октябрында өкмөт тарабынан уюшулган экспедициялык топ Ооганстандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирип кайтып келди.

Экспедициялык маршруттун жүрүшү Бишкектен 2-октябрда башталып, Ош-Мургаб-Кичи Памир-Мургаб-Улуу Памир-Мургаб-Ош болуп аяктады. Улуу жана Кичи Памирде эки түн, үч күн, жолго кеткен убакыт менен сапар он күнгө созулду. Экспедиция КРнын өкмөтүнө караштуу миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адыловдун башчылыгы менен жүрүп, курамына дарыгерлер, журналисттер, миграция кызматынын өкүлдөрү болуп 25ке чукул адам кирген. Өкмөттүн өкүлдөрү гуманитардык жардамды жергиликтүү кыштактардын акимдери менен биргеликте таратышты. Медициналык кызматкерлер 350гө жакын памир кыргыздарынын саламаттыгын текшерип, тиешелүү жардам көрсөтүп, дары-дармек таратышты. Ошондой эле азык-түлүк, дары-дармектен башка жылуу кийим-кечек, боз үй жана башка турмуш-тиричиликке  керектүү буюмдар берилди. Эске салсак, бул жылы гуманитардык жардамды уюштуруу үчүн өкмөттөн 10 миллион сом бөлүнгөн.

Элвира Акимова

Булак: Де-Факто 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: