Бүгүн, 6-октябрда түшкө жакын Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы болуп өттү. Анда депутаттар мэр Таалайбек Сарыбашовду кызматтан алуу маселесин карашты. Бул тууралуу Ош мэриясынын баса сөз катчысы Азамат Абсатаров билдирди.
Шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормоновдун айтымында, 45 депутаттын 31и жыйынга келген. Добуш берүү анонимдүү өтүп, депутаттардын бардыгы Сарыбашовду кызматтан кетирүүнү колдошкон.
Ал эми мэрдин милдетин аткаруу кызматы биринчи вице-мэр Саибжан Турдиевке жүктөлдү.
Таалайбек Сарыбашов Ош шаарын 2018-жылдан бери жетектеп келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ