Menu

“Ата-Мекенчилер” Мамлекеттик каттоо кызматынын имаратына кирип барып, жетекчиликтин кызматтан кетишин талап кылышты

Бөлүшүү:

“Ата Мекен” саясий партиясынын өкүлүбүз деп тааныштырган адамдардын тобу мамлекеттик каттоо кызматынын имаратына кирип, жетекчиликтен өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу катка кол коюуну талап кылышкан, бирок “Унаа” мамлекеттик мекемесинин жана Инфоком мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин каршылыгына туш болушкан. Бул тууралуу департаменттен билдиришти.

Алар элдер узурпацияланган үй-бүлөлүк жана кландык башкарууга каршы биригип, өз укугун коргоп, элдин пикири менен эсептешүүгө  мажбур кылган учурда, айрым саясий күчтөр мамлекеттик уюмдарды жана ишканаларды рейдерлик жол менен басып алуу менен алектенишип жатканын белгилешти.

“Белгилей кетүүчү нерсе, МККнын маалыматтык базаларында КР калкынын жеке маалыматтары бар, алар коргоого алынат жана коопсуз жайларда жайгашкан, уруксаты жок адамдарга маалымат чектелген.

Жогорудагы жаштардвн Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине келген учурда, биздин коопсуздугубузга, ошондой эле биометрикалык чет элдик паспортторду киргизүү сыяктуу бир катар өзгөчө маанилүү мамлекеттик долбоорлордун башталышына коркунуч жаралууда”, – деп айтылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу МККнын командасы коомчулукка жана жаңы түзүлгөн координациялык кеңешке стратегиялык жактан маанилүү мамлекеттик органдарды жана ишканаларды рейдерлик жол менен басып алууга жол бербөө өтүнүчү менен кайрылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: