Адвокат Замир Жоошев эмненин негизинде камакта жаткан Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары бошотулгандыгын түшүндүрдү.
Анын айтымы боюнча, Биринчи Май райондук соту Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Рысбек Карыпбек уулу, Канат Осмоналиевдердин баш коргоо чарасын өзгөртүп, аларды 11-ноябрга чейин үй камагына чыгарды. Мындай чечимди судья Марат Сыдыков чыгарды.
Замир Жоошев соттун 2020-жылдын 6-октябрындагы өкүмүнүн көчүрмөсүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.
https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=829362387816804&id=100022291515292
Белгилей кетсек, кечээ, 6-октябрга караган түнү митингчилер ак үйдү басып алгандан кийин дароо митингчилердин бир бөлүгү УКМКнын имаратына барып Алмазбек Атамбаевди бошотууну талап кылышып, аны чыгарышты. Элдин дагы бир бөлүгү түрмөдө жаткан экс-депутат Садыр Жапаровду чыгарышты. Дагы бирөөлөр мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жаткан №27 колониясына барышкан. Таңкы саат 06:20да анын бошотулганы белгилүү болду. Камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков , экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев , Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Албек Ибраимовдор да эркиндикке чыкты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ