Бүгүн, 6-октябрда Бишкектеги “Достук” мейманканасында ЖК депутаттарынын кезексиз жыйыны өттү. Анда премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги каралды.
Жыйында парламенттик көпчүлүк коалициясы Садыр Жапаровду премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып шайлашты.
Ал жакта отурган депутаттардын бири да Жапаровго суроо узаткан жок, каалоо-тилек да айткан жок, дароо эле добуш берип, бир добуштан колдошту.
Эми Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке өкмөттүн түзүмүн жана курамын сунушташы керек. Андан кийин парламент өкмөттүн башчылыгына Жапаровдун талапкерлигин жактыруу жол-жобосун баштайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ